10:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткенде шахтада 20 жаштагы жигит каза болду

Сүлүктү шаарында көмүр шахта урап 20 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык болгон жерге 11 куткаруучу барып, каза болгон 20 жаштагы жигиттин сөөгүн чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.

Дагы бир жаран, 1985-жылы туулган жергиликтүү тургун жаракат алды. Анын абалы орточо оордукта экени айтылат.

Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар