10:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Төө-Ашуудагы өрттү өчүрүүгө жардам берген дагы бир милиция кызматкери каза болду

Төө-Ашуудагы өрттү өчүрүүгө жардам берген дагы бир милиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-октябрда болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 96-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа кулап кетип, күйүп кеткен.

30 жаштагы Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев менен 41 жаштагы кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын майору Дилмурат Шамшиев бензовоздун айдоочусун өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам берүү учурунда алар дагы жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Алган оор жаракаттарынан улам Дилмурат Шамшиев 1-ноябрь күнү, ал эми Орозмат Акуналиев бүгүн көз жумду.

«ИИМдин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү жана жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлери бул кабарды угуп кабыргабыз кайышып кабыл алдык. Эр жүрөк жигиттерибиздин үй-бүлөсүнө жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат маалыматта.

24.kg агенттиги дагы каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына көңүл айтат.

Эң көп окулган жаңылыктар