01:21
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Гарри Поттер тасмаларында Альбус Дамблдордун ролун аткарган актер каза болду

Хогвартстын директору Альбус Дамблдордун ролун аткарган ирландиялык жана британиялык театр жана кино актеру Майкл Гэмбон каза болду. Актер 82 жашта болчу. Бул тууралуу Sky News билдирди.

«Сүйүктүү күйөө жана атабыз Майкл, пневмониядан кийин бейтапканада көз жумду. Анын жанында жубайы Анна жана уулу Фергус болгон», — деп айтылат үй-бүлөсүнүн билдирүүсүндө.

Майкл Гэмбон Дамблдорду ойногон экинчи актер болгон. Ал 2002-жылы каза болгон Ричард Харристин ордуна үчүнчү серияда келген.

Гэмбон 1940-жылы 19-октябрда Дублинде туулган. Ал актердук карьерасын Лоренс Оливье башкарган Королдук улуттук театрында баштаган. «Сонная лощина», «Король говорит!», «Госфорд-парк» тасмаларында жана ошондой эле «Доктор Кто» жана «Эмма» сериялдарында роль жараткан.

Гэмбон BAFTA TV сыйлыгынын «Эң мыкты актер» номинациясын тѳрт жолу алган (1987, 2000, 2001, 2002-жылдары), ошондой эле «Эмми» сыйлыгына (2002) жана «Алтын глобус» сыйлыгына (2003) талапкер болгон.