09:44
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Өспүрүмдөр кыз үчүн урушуп, 17 жаштагы бала каза болду

Аксы районунда 17 жаштагы жигит бычактан жараат алып, ооруканада көз жумду. Маалыматты 24.kg агенттигине Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Окуя 5-декабрда болгон. Факт катталды. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «адам өлтүрүү» боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары Авлетим айылынын 16 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Редакцияга кабарлашкандай, кырсык болгон күнү маркум кармалган жаранга келип, С. аттуу кыз менен сүйлөшөрүн сураган. Шектүү жок деп жооп берген. Бирок өспүрүмдөрдүн ортосунда жаңжал чыгып, маркум кармалган жарандын бетине урган. Шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, ал бычакты алып, кокусунан жигиттин көкүрөгүнө сайып жиберген. Канды байкагандан кийин жабырлануучуну ооруканага жеткирген, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар