22:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бир суткада 379 кишиден вирус аныкталып, жети адам каза болду

Бир суткада 379 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 149, Ош шаары — 50, Чүй облусу — 96, Ош облусу — 32, Талас облусу — 1, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусу — 15, Жалал-Абад облусу — 22, Баткен облусу — 9 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жети бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 107 миң 714 киши вируска чалдыгып, 1 миң 859 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума