20:18
USD 84.66
EUR 100.96
RUB 1.17

COVID-19. Бир суткада 362 кишиден вирус аныкталып, беш адам каза болду

Бир суткада 362 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 209, Ош шаары — 39, Чүй облусу — 30, Ош облусу — 30, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 7, Ысык-Көл облусу — 16, Жалал-Абад облусу — 19, Баткен облусу — 9 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда эки бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 107 миң 335 киши вируска чалдыгып, 1 миң 852 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар