15:16
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 371 кишиден вирус аныкталып, тогуз адам каза болду

Бир суткада 371 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 169, Ош шаары — 40, Чүй облусу — 91, Ош облусу — 20, Талас облусу — 5, Нарын облусу — 8, Ысык-Көл облусу — 24, Жалал-Абад облусу — 13, Баткен облусу — 1 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Ысык-Көл облусунда төрт бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 105 миң 840 киши вируска чалдыгып, 1 миң 830 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар