09:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 382 кишиден вирус аныкталып, жети адам каза болду

Бир суткада 382 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 184, Ош шаары — 40, Чүй облусу — 70, Ош облусу — 24, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 10, Ысык-Көл облусу — 27, Жалал-Абад облусу — 20, Баткен облусу — 5 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки, Ысык-Көл облусунда беш бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 105 миң 111 киши вируска чалдыгып, 1 миң 815 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума