08:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 174 кишиден вирус аныкталып, бешөө каза болду

Бир суткада 174 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 95, Ош шаары — 26, Чүй облусу — 7, Талас облусу — 5, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусу — 15, Жалал-Абад облусу — 17, Баткен облусу — 5 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 104 миң 729 киши вируска чалдыгып, 1 миң 808 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума