22:47
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Бишкек мэриясы жол кире төлөөгө QR кодун киргизди

«Тулпар» командасы QR кодун колдонуп, муниципалдык коомдук унаада жол кире акысын төлөөнүн сынамык долбоорун баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол акысын төлөө үчүн телефонуңузга «Тулпар» тиркемесин ишке киргизип, төмөнкү оң бурчтагы кошуу белгисин басып, QR кодун сканерлеп же троллейбустун кире беришиндеги салондо жайгашкан транспорттук кодду түздөн-түз теришиңиз керек.

Жол акы төлөнгөндүгүн ырастоону «жүрүү тарыхы» бөлүмүнөн көрүүгө болот.

№ 2, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 14, 17 троллейбустун бардык каттамдарында жана № 38 автобус каттамында QR кодун колдонсо болот. Жакында транспорттун калган бөлүгүнө QR коддорун орнотулат.

Функция жеткиликтүү болушу үчүн «Тулпар» мобилдик тиркемесин жаңыртуу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар