Садыр Жапаров 27-29-майда иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы чек ара айылдарынын тургундары менен жолугушуп, мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитацилоо жана демаркациялоо процессин тездетүү максатында кырдаал менен түздөн-түз жеринде таанышат.