17:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 376 кишиден вирус аныкталып, сегиз адам каза болду

Бир суткада 376 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 283, Ош шаары — 17, Чүй облусу — 66, Ош облусу — 14, Талас облусу — 4, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусу — 21, Жалал-Абад облусу — 9, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаары жана Чүй облусунда үчтөн, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 103 миң 583 киши вируска чалдыгын, 1 миң 781 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар