Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор активист Мелис Аспековду сотко беришти. Бул тууралуу экс-президенттин юристти билдирди.
Анын айтымында, Жээнбековдор ар-намысын коргоо талабы менен сотко кайрылышты.
Алар активист Мелис Аспековдон жалган маалыматты таркатканы үчүн 1 миллион сом талап кылууда.
«Алдамчылыкка айыпталып жаткан Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясын Сооронбай Жээнбеков каржылаганын айтып чыкты. Бул калп. Мелис Аспековду сот күнөөлүү деп тапса, акча балдар үйүнө которулат», — дейт жактоочу.
Эскерте кетсек, алдамчылыкка айыпталган Мелис Аспеков Садыр Жапаров үгүт иштерин Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алганын кабарлаган.