18:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 207 кишиден вирус аныкталып, сегиз адам каза болду

Бир суткада 207 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 102, Ош шаары — 8, Чүй облусу — 40, Ош облусу — 8, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 8, Ысык-Көл облусу — 24, Жалал-Абад облусу — 11, Баткен облусу — 3 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда үч жана Талас облусунда бир бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 103 миң 207 киши вируска чалдыгын, 1 миң 773 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар