04:56
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 298 кишиден вирус аныкталып, сегиз адам каза болду

Бир суткада 298 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 144, Ош шаары — 23, Чүй облусу — 86, Ош облусу — 7, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 13, Ысык-Көл облусу — 18, Жалал-Абад облусу — 5 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында сегиз бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 103 миң киши вируска чалдыгын, 1 миң 765 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар