18:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаров Сочиге келди

Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россиянын Сочи шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулашат.

Эң көп окулган жаңылыктар