12:46
USD 84.64
EUR 101.15
RUB 1.17

COVID-19. Бир суткада 361 кишиден вирус аныкталып, төртөө каза болду

Бир суткада 361 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 193, Ош шаары — 5, Чүй облусу — 96, Ош облусу — 13, Талас облусу — 6, Нарын облусу — 13, Ысык-Көл облусу — 28, Жалал-Абад облусу — 4, Баткен облусу — 3 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экиден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 101 миң 580 киши вируска чалдыгын, 1 миң 729 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар