20:16
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Никита Мендкович: «Кумтөр» келишимин өзгөртүү аракетинин бир гана себеби бар

«Кабыл алынган келишимдердин шарттарын өзгөртүү аракетин мен дайыма кооптондуруучу белги катары кабыл алам. Мындай аракеттер экономикага катуу жана узак мөөнөттү залалын тийгизет. Каржылык жактан алганда пайдасыз болгон келишимдердин шарттарын сактоого караганда, бул өтө зыяндуу болот», — дейт Борбордук Азия боюнча россиялык серепчи, Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси Никита Мендкович, «Кумтөргө» байланыштуу окуяларга комментарий берип жатып.

Серепчинин пикиринде, «долбоор боюнча келишимди учурда кайтадан караштыруу, кыргызстандын буга чейинки президенттери ушуга окшош демарштарынын артында бир гана себеп бар — бюджеттин курч жетишсиздиги».

Каражаттардын жетишсиздигинен улам кошумча бюджеттик акча алуу максатында Бишкек «Кумтөрдү» басып жатат.

Никита Мендкович

«Бул көйгөй 2020-жылдын күз айлары бийликтин алмашуусуна чейин эле бар болчу. Өлкөдөгү катаал экономикалык кырдаалды мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да, анын ордуна келген Садыр Жапаров да моюндарына алышкан», — деп эске салды ал.

Никита Мендковичтин пикиринде, «ишканага тышкы башкаруу киргизүүнү да, экологиялык ченемдерди бузду деп айып салууну да Кыргызстандын саясий элитасы тарабынан чет өлкөлүк инвесторлорду басмырлоо аракети катары кабыл алса болот».

«Азыркы инвесторлор өз ыктыяры менен кетип, кен казуучу жайда иштегиси келген башка инвесторлор келе турган болсо, ишкананы улутташтыруу ыкмасы бир гана «бирок» менен ишке ашышы мүмкүн. Бул схемада «бироктор» абдан көп», — дейт серепчи.

Маектешибиз, баса белгиледи: «бул вариант «иштегидей» болушу үчүн, биринчиден «Кумтөрдө» иштеп жаткан канадалык компания менен сүйлөшүү керек. Экинчиден, «дасторкондогу калдыктарды» терүүгө макул болгон болочок инвесторду таап, аны менен макулдашуу керек».

«Бул вариантка азыркы инвесторлор макулдук берээрине күмөн санайм. Кен казуучу жайдын кирешесине баа берүү жана казылып алынган алтын боюнча ар түрдүү баа берүүлөр бар. Жаңы инвесторлорду таап, алар менен келишим түзүү эң туура деп ойлойм. Биринчиден, алтындын саны аз болсо — Кыргызстандын болочок өнөктөрү үчүн бул долбоор кызыксыз болуп калат. Экинчиден, улутташтырган учурда президенттин шайлоо алдындагы берилген убадалары иш жүзүндө бузулат, эске салсам, ал былтыр алтын кенин улутташтырбайм деген эле. Үчүнчүдөн, бул оз каражаттарын Кыргызстандын кен казуу жайларына салгысы келген жаңы инвесторлор үчүн жаман белги болуп берет», — дейт Мендкович.

Кол коюлган келишимдин шарттарын кайтадан караштыруу кооптондурган нерсе деп дайым эсептечүмүн.

Никита Мендкович

«Мындай аракеттер экономикага катуу жана узак мөөнөттү залалын тийгизет. Каржылык жактан алганда пайдасыз болгон келишимдердин шарттарын сактоого караганда, бул өтө зыяндуу болот», — деп сөзүн бүтүрдү ал.

Эң көп окулган жаңылыктар