11:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Кумтөр» кени боюнча Centerra Gold менен сүйлөшүүлөр бүгүн дагы уланат

«Кумтөр» кени боюнча Centerra Gold менен сүйлөшүүлөр бүгүн дагы уланат. Бул тууралуу «Кумтор Голд Компани» билдирди. 

Маалыматка караганда, 23-декабрда жолугушуу видеоконференция форматында өтүүдө. 

Сүйлөшүүгө Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын сырткы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар катышты. Ал эми экинчи тараптан «Центерра Голддун» президенти жана башкы директору Скотт Перри катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар