05:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бейөкмөт уюмдар жана жергиликтүү кеңешке шайлоо. Фейктердин жаңы активдүүлүгү

Социалдык тармактар жашообуздун маанилүү бөлүгүнө айланды. Бир да медиага катталбаган бактылуу адамдар саналуу эле десек жаңылышпайбыз. Социалдык тармактарды акыркы жылдары саясатчылар активдүү пайдаланып жатканын да байкадык.

Айрым серепчилердин айтымында, 2020-жылы өткөн президенттик шайлоодо фейк аккаунттардын жардамы менен Садыр Жапаров жеңишти багындырды.

Албетте, соцтармактар ушундай жалган аккаунттар менен күрөшүп жатат. Мисалы, 2020-жылдын декабрь айында Facebook 162 аккаунтту жапты, себеби алар Кыргызстандагы парламенттик жана президенттик шайлоодо иштеди. Жалпы жолунан Facebook менен Instagram’да кыргызстандык аудиторияга багытталган 507 аккаунт жабылды. Бул жалган аккаунттар социалдык тармактардын башка пайдалануучулары арыздангандан кийин жок кылынды.

Бирок, 507 аккаунт — миллиарддаган адам пайдаланган соцтармактагы кымындай гана тамчы. Facebook’та күн сайын миңдеген жаңы жалган баракчалар ачылат. Ошондуктан, ушундай фейктер менен күрөшүүдө глобалдык платформага жардам берүү максатында Кыргызстанда фактчекерлер иштей баштады. Алар Интерньюстун колдоосу менен күн сайын соцтармактарды текшерип, жалган аккаунттарды иликтөө милдетин өз моюндарына алды.

Мониторинг жасаган адистер шектүү баракчалар менен иштешет: баракча качан ачылган, кимдин сүрөтүн пайдаланат, кайсы топторго билдирүү жасап, комментарий калтыраарын иликтеп чыгышат. Көзгө урунган, мисалы, улуттар аралык жаңжалга үгүттөө сыяктуу билдирүү калтырган аккаунттар өзүнчө бөлүнүп иликтенет.

Жалган аккаунттар боюнча түзүлгөн маалымат базасы кийин Facebook’ка берилет. Ал өз адистери аркылуу берилген маалыматты текшерип чыгып, ал баракчаларды жаап салуу, же тим коюу боюнча чечим чыгарат. Кыргызстандык фактчекерлери менен Facebook’тун кызматташуусу жалган маалымат таркатуу, жигерчи, журналист же таанымал адамдын аккаунтуна жашынып, кимдир бирөөгө соцтармактар аркылуу жалаа жабуу, шайлоо кампаниясы убагында талапкерлерге карата тукуруу маалыматын таркатуу сыяктуу көрүнүштөр менен күрөшүүгө жардам берип, коомду жана маалымат майданын жалган, туура эмес маалыматтарды таркатуудан тазалайт деп ишенебиз.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо артта калды. Боршайкомдун чечими менен үч шаардагы шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылып, эми президент тийешелүү токтомго кол коюп, шайлоо кайтадан дайындалаарын күтүп жатабыз.

Өлкөдөгү ушундай саясий окуяларга социалдык тармактардагы фейктер дайым даяр турат.

Эске салсак, бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум менен шайкеш келип калды. Шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын фейктери референдумду жактаган жигерчилерге салыштырмалуу бир аз пас болду.

Албетте, соцтармактар ушундай жалган аккаунттар менен күрөшүп жатат. Мисалы, 2020-жылдын декабрь айында Facebook 162 аккаунтту жапты, себеби алар Кыргызстандагы парламенттик жана президенттик шайлоодо иштеди. Жалпы жолунан Facebook менен Instagram’да кыргызстандык аудиторияга багытталган 507 аккаунт жабылды. Бул жалган аккаунттар социалдык тармактардын башка пайдалануучулары арыздангандан кийин жок кылынды.

Бирок, 507 аккаунт — миллиарддаган адам пайдаланган соцтармактагы кымындай гана тамчы. Facebook’та күн сайын миңдеген жаңы жалган баракчалар ачылат. Ошондуктан, ушундай фейктер менен күрөшүүдө глобалдык платформага жардам берүү максатында Кыргызстанда фактчекерлер иштей баштады. Алар Интерньюстун колдоосу менен күн сайын соцтармактарды текшерип, жалган аккаунттарды иликтөө милдетин өз моюндарына алды.

Мониторинг жасаган адистер шектүү баракчалар менен иштешет: баракча качан ачылган, кимдин сүрөтүн пайдаланат, кайсы топторго билдирүү жасап, комментарий калтыраарын иликтеп чыгышат. Көзгө урунган, мисалы, улуттар аралык жаңжалга үгүттөө сыяктуу билдирүү калтырган аккаунттар өзүнчө бөлүнүп иликтенет.

Жалган аккаунттар боюнча түзүлгөн маалымат базасы кийин Facebook’ка берилет. Ал өз адистери аркылуу берилген маалыматты текшерип чыгып, ал баракчаларды жаап салуу, же тим коюу боюнча чечим чыгарат. Кыргызстандык фактчекерлери менен Facebook’тун кызматташуусу жалган маалымат таркатуу, жигерчи, журналист же таанымал адамдын аккаунтуна жашынып, кимдир бирөөгө соцтармактар аркылуу жалаа жабуу, шайлоо кампаниясы убагында талапкерлерге карата тукуруу маалыматын таркатуу сыяктуу көрүнүштөр менен күрөшүүгө жардам берип, коомду жана маалымат майданын жалган, туура эмес маалыматтарды таркатуудан тазалайт деп ишенебиз.

«Фактчек» агенттиги берген маалыматка ылайык, партиялык фейктер бул жолу негизинен саясий уюмдар жарыялаган маалыматты өз баракчаларына коюп жатышты. Ал эми референдумду жактагандар Конституцияны өзгөрттү канчалык маанилүү, канчалык керек экенин жазышып, аларга жооп бергендерге каяша сөз жазып, кайым айтышып жатты.

ЖМК жана бейөкмөт уюмдарга каршы мамилени Райымбек Матраимовдун тарапташтары да улантты. Алар «Азаттыкка» каршы атайын топ уюштуруп, ар түрдүү мазмундагы маалыматтарды жайгаштыра башташты.

 

Жалпыга маалымат каражаттары жана бейөкмөт уюмдарына да жаман сөз тийди бул жолу. Садыр Жапаровдун расмий Телеграм-каналында АКШ тарабынан каржыланган ЖМК жана бейөкмөт уюмдардын тизмеси жарыялангандан кийин, президенттин басма сөз кызматында «бул маалымат мамлекет башчысынын фанатиктери жарыялаган» деп кутулушту.

Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын 28-29-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан кийин, кыргыз тилдүү соцтармактарына тажик фейктери жабалактап кире баштады.

Фактчекчилер бул жаатта иштеп, Facebook кызматына жүздөн ашуун тажик тилдүү фейктердин дарегин иликтеп, тизме түзүп, тапшырды. Буйруса, жогоруда аталган социалдык тармак да өз тарабынан ал фейк баракчаларын иликтеп чыгып, жаап салат деген үмүттөбүз.

Эң көп окулган жаңылыктар