09:48
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эми расмий түрдө. Кыргызстанда TikTok платформасы бөгөттөлдү

Кыргызстандын аймагында TikTok платформасы расмий түрдө бөгөттөлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим УКМКнын катынын негизинде кабыл алынган.

«Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы байланыш операторлоруна аталган кызматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөткөн. Чечимдин кабыл алынышына аталган платформанын Кыргызстандын «Балдардын ден соолугуна, ошондой эле балдардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамынын 2-1-беренесинин талаптарын аткарбагандыгы негиз болгон. Ага ылайык ден-соолукка жана балдардын өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардын түрлөрү аныкталат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет провайдерлерине TikTok социалдык тармагын бөгөттөөнү суранып, кат жөнөткөн.

Буга чейин министрлик УКМКдан кат алган. Анда TikTok платформасынын кыргыз сегментиндеги, айрыкча балдар үчүн контетке көзөмөл болбой жатканы жазылган.

Эске салсак, Маданият министрлиги өткөн жылдын август айынын аягында эле Санариптик өнүктүрүү министрлигине TikTok социалдык тармагын бөгөттө өтүнүчү менен кайрылган. Мекеме бир катар бейөкмөт уюмдар тиркеменин балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тийгизген терс таасири боюнча тынчсызданып жатышканын билдирген.

Бул чечим коомчулукта да, эксперттик чөйрөдө да резонанс жараткан. Популярдуу социалдык тармакты бөгөттөө Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин көйгөйлөрүн күчөтүп, сөз эркиндигине жана демократияга залакасын тийгизет деген пикирлер тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар