01:04
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

1-июндан тарта жөлөкпулдарды көбөйтүү пландалууда

1-июндан баштап балдарга жөлөкпулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Пенсияга жылдагыдай эле октябрь айында кошулат.

«Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Ушул жерден дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин. Биз бүгүн социалдык жана маданият тармактарда иштеген кызматкерлердин айлык акыларын көтөрдүк. Казынабыз толтура болсо баардык тармактардын айлык акыларын көбөйтмөкпүз», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар