15:56
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Баткенде тажик фураларын токтоткон элди опузалаган ИИМ кызматкерлери жазаланат

Кечээ Баткенде тажик фураларын токтоткон элди опузалап, коркуткан ИИМ кызматкерлери жазаланат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Баткен шаарында милициянын коштоосунда бара жаткан үч фура токтотулган. Ички иштер кызматкерлери жүк ташуучу унааларды өткөрбөй койгон элди сөгүп, опузалап, коркуткан. Кээ бир милиция кызматкерлери кол көтөргөнгө чейин барган.

«Жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолор коомчукка социалдык тармак аркылуу таркап, милициянын беделине терс пикирлер жазылды. Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин жүрүм-турум нормаларына туура келбеген жагдайларды жараткандыгы үчүн ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүүлөр башталды. Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында бул кызматкерлерге тартиптик чаралар колдонулат», — деп билдирди бүгүн Ички иштер башкармалыгы.

Эң көп окулган жаңылыктар