01:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбекстанда блогер Отабек Саттори 6,5 жылга соттолду

10-майда Сурхандарыя облусунун Музрабат райондук соту блогер Отабек Сатторини 6,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку соту кабарлады. Саттори акыркы сөзүндө сотко кайрылып, аны залдан бошотууну сурады.

Сот Отабек Сатторини «Опузалап ири көлөмдө акча талап кылуу», «Жалган жалаа жабуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Буга чейин прокурор аны 11 жылга түрмөгө кесүүнү сураган.

Блогердин адвокаты өкүм адилетсиз экенин, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын айтты.

Telegram жана YouTube каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблог алып барган 40 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөнү менен белгилүү. Ал 30-январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган. Марттын башында блогерге «Ушак таратуу» жана «Кемсинтүү» беренелери боюнча жаңы айыптар тагылганы кабарланган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга чакырышкан. Алар блогерге каршы кылмыш иштери коррупциялык көрүнүштөрдү жашыруу максатында ойдон чыгарылган деп эсептешүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар