19:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

УКМК бомба бар деп жалган маалымат берген пенисонерди кармады

УКМК тартип сакчыларына бомба бар деп жалган маалымат берген пенисонерди кармады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
 
Маалыматка караганда, ушул жылдын мартында Бишкек ШИИББнын нөөмөт бөлүмүнө белгисиз бирөө, Жаш Гвардия бульвары менен Иваницын көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруу болот деп телефондон билдирген.
 

«Окуя боло турган жерге ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери барышкан. Бирок, эч кандай шектүү буюм таба алышкан эмес. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында мас абалындагы 72 жаштагы пенсионер чалганы аныкталды», — деп билдирди УКМК.

Эң көп окулган жаңылыктар