20:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Массалык башаламандык жөнүндө жалган билдирүү тараткан аял кармалды

Социалдык тармактарда массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан аял кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аял ар кандай ушактарга ишенип, жакындарына эскертүү берүү максатында аудиолорду тараткан. Кийин билдирүүсү социалдык тармактарга тарап кеткен.

«Профилактикалык маектин жүрүшүндө аял өзүнүн жасаган иш аракетине өкүнүп, туура эмес иш кылганын мойнуна алды. Ал жарандардан кечирим сурады» — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда массалык башаламандык болот деген чагымчыл билдирүүлөр тарап кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар