17:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 385 кишиден вирус аныкталып, үчөө каза болду

Бир суткада 385 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 226, Ош шаары — 12, Чүй облусу — 108, Ош облусу — 4, Нарын облусу — 16, Ысык-Көл облусу — 15, Баткен облусу — 4 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаары жана Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

Март айынан бери 97 миң 663 киши вируска чалдыгын, 1 миң 643 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар