15:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 331 кишиден вирус аныкталып, алтоо каза болду

Бир суткада 331 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 211, Ош шаары — 5, Чүй облусу — 83, Ош облусу — 3, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 25, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда эки жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

Март айынан бери 95 миң 275 киши вируска чалдыгын, 1 миң 604 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума