20:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 345 кишиден вирус аныкталып, алтоо каза болду

Бир суткада 345 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 224, Ош шаары — 5, Чүй облусу — 77, Ош облусу — 9, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 9, Ысык-Көл облусу — 18, Баткен облусу — 1 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында алты бейтап каза болду.

Март айынан бери 94 миң 944 киши вируска чалдыгын, 1 миң 598 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар