07:48
USD 84.79
EUR 101.79
RUB 1.13

COVID-19. Бир суткада 306 кишиден вирус аныкталып, төртөө каза болду

Бир суткада 306 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 203, Ош шаары — 5, Чүй облусу — 52, Ош облусу — 11, Нарын облусу — 4, Талас облусу — 1, Ысык-Көл облусу — 12, Жалал-Абад облусу — 10, баткен облусу — 4 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экиден бейтап каза болду.

Март айынан бери 92 миң 626 киши вируска чалдыгын, 1 миң 561 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар