15:19
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бир суткада 305 кишиден вирус аныкталып, алтоо каза болду

Бир суткада 305 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 186, Ош шаары — 7, Чүй облусу — 89, Талас облусу — 4, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусу — 11, Жалал-Абад облусу — 4, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда эки бейтап каза болду.

Март айынан бери 91 миң 144 киши вируска чалдыгын, 1 миң 540 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар