Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумда добуш берүү бюллютендери соцтармакка жарыяланды.
«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулованын айтымында, добуштун жыйынтыгы боюнча протоколдор шек жаратат.
Мисалы, Кара-Суу районундагы № 5231 шайлоо участкасындагы протоколдо шайлоочулардын саны көбөйтүлгөн.
Белгилей кетсек, 11-апрелде өткөн референдумга шайлоочулардын 37 пайызы катышып, 79 пайызы Конституциянын жаңы долбоорун колдоп, 13,66 пайызы каршы добуш берди.