01:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкек шаардык кеңешке алты партия өттү

Бишкек шаардык кеңешке алты партия өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Анын маалыматында, 7 пайыздык бөгөттөн алты партия өттү.

«Эмгек» (13,87 пайыз), «Ак-Бата» (12,15 пайыз) КЭДП (10,7 пайыз), «Ынтымак» (8,3 пйаыз), «Ата-Журт Кыргызстан» (9,63 пайыз), «Биздин эл» (7,73 пайыз) алышты. Алар үчүн 84 миң 842 адам добуш беришти.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча Бишкек шаардык кеңешиндеги мандаттар төмөнкүдөй бөлүнөт:

  • «Эмгек» — 10 мандат;
  • «Ак Бата» — 9 мандат;
  • КЭДП — 8 мандат;
  • «Ата Журт Кыргызстан» — 7 мандат;
  • «Ынтымак» — 6 мандат;
  • «Биздин эл» — 6 мандат.
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума