19:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков сын-пикирлерге эмнеге жооп берберин айтты

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы № 1327 шайлоо участогунда добуш берди.
 
Ал коомчулукта, журналисттерде ага, экс-президент катары суроолор көп экендигин кошумчалады.
 
«Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде айтылчү сөздөр көп. Бирок, азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым — өлкө үчүн чоң пайда. Анткени, саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылчулар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
 
«Жеке мен тууралуу эмне дешсе да көтөрөм, чыдайм. Өлкөдөгү саясий туруктуулук, эл биримдиги мен үчүн баарынан кымбат. Дүйнөдө, биздин мамлекетте коронавируска байланыштуу экономикалык абал жеңил эмес. Дагы башка маселелер көп. Мамлекет жетекчилиги колунан келишинче иштеп жатат. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ошондуктан, баарыбыз тең азыр саясатты азайтып, жаратмандыкка басым жасашыбыз керек. Менин унчукпай келаткандыгымдын негизги себеби — ушул. Буйруса, сүйлөшүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр болот», — деп жыйынтыктады экс-президент.
 
Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.
Эң көп окулган жаңылыктар