«Экологиялык чечимдер институту» коомдук фондуунун кызматкерлери Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандылар боюнча тасма тартышты.
Анда көлдүн түбү таштанды талаасына айлангандыгы айтылат.
«Биз Ысык-Көлдү планетадагы эң таза суу катары эсептейбиз. Бирок, ошол эле учурда жээкте таштаган баштык, бөтөлкө көлгө топтолуп жатканын байкагыбыз келбейт. Акыркы он жылда эле көлдүн түбү таштандыга толду», — деп фонддун кызматкерлери.
Кыргыз өкмөтү бин нече жыл мурда «Экологияны өнүктүрүү фондун» түзгөн. Фондко «Кумтор Голд Компани» акча которгон. Бирок, долбоор толугу менен ишке ашкан жок.