15:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Райымбек Матраимов ооруканадан № 47 абакка которулду

Коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов № 47 абакка которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Матраимов быйыл 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган. 20-февралда эки айга камалган. Кийинчерээк ал ден соолугу начарлап, Бишкектеги «Бикард» менчик ооруканасына жаткырылганы кабарланган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн. УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген. «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд «каралоо» деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар