08:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Матраимовдун мүлкү. Салык кызматы жана Каржы полициясы ар башка маалымат берүүдө

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу маалыматтар дал келбей жатат. Салык кызматы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурунку  аткаминер тууралуу маалыматы ар башка чыгууда. 

Салык кызматы 2017-жыл үчүн тапшырылган декларация тууралуу маалыматты жаңылады. 22-ноябрда мекеминин сайтында Бажы кызматынын баардык  төрагаларынын маалыматтары (Райымбек Матраимовдон башкасы) жарыяланган. Журналисттердин суроосуна Салык кызматы издейбиз деп жооп кайтарган. 

Бүгүн сайтта декларация күтүүсүздөн пайда болду. 

Салык кызматынын маалыматына ылайык, Райымбек Матраимов 2017-жылы 649 миң 298,51 сом иштеп тапкан.

Муну менен катар анын жеке менчигинде болгону 56,7 чарчы метрлик батири, эмереги, аудио- , фото- жана турмуш-тиричиликтик техникасы (1 миллион 630 миң сомдук), 100 миң сомдук кичи мүйүздүү малы, 350 миң сомдук ири мүйүздүү малы жана 150 миң сомдук жылкылары бар экени айтылат. 

Анын туугандарынын 39 чарчы метрди түзгөн батири, 190 чарчы метрлик башка турак жайлары жана «Лексус 460» унаасы бар. Эч кандай бизнес же бизнестеги үлүшү көрсөтүлгөн эмес.  

  

Бирок Салык кызматынын маалыматы мындан 4 ай мурун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын текшерүүдөн кийинки маалыматына төп келбейт.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Райымбек Матраимов Бирдиктүү салык декларациясына жубайы Тургунованын наамына катталган Ысык-Көлдөгү коттедж, «Лексус GX 460» унаасын көрсөткөн. Мындан тышкары анын жубайынын наамына 3 батирди сатуу боюнча  (Бишкекте 2, Ошто 1 батир) жарандык-укуктук бүтүмдөр катталган. 

Каржы полициясы Матраимовдун Бирдиктүү салык декларациясына ылайык, Тургунованын кирешеси 7 миллион 975 миң 800 сомду түзгөн деп белгилейт. Анда киреше булагы катары чет элдик компанияда иштеген иши айтылат. 

Райымбек Матраимовдун менчигинде Бишкекте жана Ошто бирден батири бар деп буга чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирген. 

Эң көп окулган жаңылыктар