17:56
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 113 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза болду

Бир суткада 113 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 61, Чүй облусу — 44, Ысык-Көл облусу — 5, Нарын облусу — 3 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Март айынан бери 88 миң 276 киши вируска чалдыгын, 1 миң 498 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар