15:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Шайлоодо 11 миңден ашык милиция кызматкери тартипти көзөмөлдөйт

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумда коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү 2 миң 435 шайлоо тилкесинде коомдук тартипти камсыз кылуу максатында 4 миңден ашык милиция кызматкери бекитилген.

«Ар түрдүү укук бузууларды алдын алып, укук бузуулар аныкталган учурда ыкчам жана тез арада чара көрүү үчүн 215 документтештирүү тобу түзүлдү. Ал топтордо 900дөн ашык кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ошондой эле 380ден ашык автоунаа менен 1 миң 500дөн ашык кызматкер шайлоо өтүп жаткан аймактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт», — дейт ал.

Урманбетов 5 апрелден тарта өздүк курам күчөтүлгөн тартипте иштей баштарын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби