18:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 41 кишиден вирус аныкталып, экөө каза болду

Бир суткада 41 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 17, Ош шаары - 1, Чүй облусу — 9, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 7, Жалал-Абад облусу — 3, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Март айынан бери 86 миң 451 киши вируска чалдыгын, 1 миң 470 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар