Ири алдамчылыкка айыпталып жаткан жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Алардын маалыматында, И.Э. жана М.Э. аттуу жарандар 2019-жылдын 4-мартында беш батирди кеңсеге алмаштырып берүү убадасы менен акча алып, качып кетишкен. Жарандар 21 миллион сом зыян тартышкан.
Шектүүлөрдүн бири кармалып, эки айга камалды. Экинчиси издөөдө.