16:19
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди.
 
Анын айтымында, Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулайт.
 
«Мындан сырткары, сапардын жүрүшүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган», — дейт Дастан Дюшекеев.
Эң көп окулган жаңылыктар