56 жашында Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов каза болду. Бул тууралуу «Бир-Бол» партиясы билдирди.
Маалыматка караганда, эл өкүлү узакка созулган оорудан көз жумду.
Ал 2015-жылы парламентке «Бир-Бол» партиясынан депутат болуп келген.
24.kg агенттиги Алмазбек Акматовдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтат.