22:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми жогорулатылды

Куралдуу күчтөр аскер кызматкерлеринин, мыйзам аркылуу аскердик кызмат каралган мамлекетик органдарындагы жана башка аскер түзүмдөрүндөгү аскер кызматкерлеринин тамактандыруусун уюштурууну жакшыртуу жана тартипке келтирүү максатында, «Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чечимге жараша паектун бардык түрү жогорулатылган, анын ичинде жалпы аскердик паек, дарылануу паегу, жалпы аскердик кургак паек, бийик тоодогу кургак паек, түнкү паек жана учкучтук паек жогорулатылды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, аскерлердин рационуна колбаса азыктары, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жемиштер сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилген.

Өкмөттүн тийиштүү токтому үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар