08:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо партиялар арасында теледебаттар өтөт

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоодо саясий партиялар жана талапкерлер арасында алгач ирет теледебаттар өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

Айтымында, дебаттар талапкерлер тууралуу кеңири маалымат берген үгүт иштеринин бир түрү болгонун далилдеди. Азыркы тапта дебаттар ар кандай темада өтөрү же бирдиктүү коюла турган талаптар, мазмуну талкууланып жатат.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда үгүт материалдарын майыптыгы бар адамдарга ыңгайлаштырып чыгаруу талабы да коюлууда. Маселен чыккан материалдардын бир проценти Брайл шрифти менен басылып, көзү начар көргөндөргө аудио форматта, кулагы начар уккандарга видео роликтерге сурдокотормочу берилиши керек. Бул ирет үгүт насаат учурунда көчөдө, спорттук аянтарда элди чогултууга тыюу салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар