10:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

УКМК Райымбек Матраимовдун мүлктөрүн иликтөө уланып жатканын айтат

Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү бар экендиги аныкталса тергөө иштери улантылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө, Райымбек Матраимовдун мүлкүн издөө иштери улантылууда.

«Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Түркияга, Дубай Эмиратына, Украинага жана Орусияга юридикалык жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык өтүнүчтөр жөнөтүлдү. Белгилей кетүүчү нерсе анын мүлкү бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынат», — дейт УКМК.

Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду Бажы кызматындагы жемкорлук иштерине айыптуу деп таап, 260 миң сом айып пул салды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума