05:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ошто эки өспүрүм бычакталып, бирөө ооруканада көз жумду

Ош шаарында бычакталган 2 өспүрүм ооруканага түштү. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, бычакталган өспүрүмдөр Нариман орто мектебинин 10-классынын окуучулары. 
 
«2004- жылы туулган К. Б. ооруканада көз жумду. Анын курдашы Н. С. оор абалда. Операция жасалууда. Учурда бул кылмышка тиешелүү шектүүлөр изделип жатат», — дейт Ички иштер башкармалыгы.
 
Окуя мурдагы «Ареопаг» дукөнүнүн арткы тарабында болгон.
Эң көп окулган жаңылыктар