13:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мурдакы муфтий Максат ажы Токтомушев кармалды

Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев кармалды. Аны кечээ УКМКнын кызматкерлери камакка алышкан.

Ага чейин муфтияттын башкы бухгалтери кармалган.

УКМКнын билдирүүсүндө, ажылыкка топтолгон акча финансалык уюмдарга карызга берилген. Андан тышкары, муфтияттын бухгалтери атайын кызматтын өкүлдөрү 100 миң доллар эсебинде пара сунуштаган. 

Муфтияттын маалыматында, 2019-2020-жылы ажылыкка 18,5 миллион доллар топтолду. 

Максат ажы Токтомушев кечээ кызматын тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби