23:36
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаева суракка чакырылды

Мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаева суракка чакырылды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, Индира Жолдубаева «Белизгейт» иши боюнча сурак берүүдө.

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн беш кылмыш иши тергелип жатат, алтынчы да иш бар. Ушул иштердин баарына тергөө баа берет. Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып, тергеп жаткан жерибиз жок. «Белизгейт» боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да. Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар