Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык:
— Улукбек Кармышаков вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри кызматына дайындалды;
— Жеңишбек Асанкулов өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси — министр кызматына дайындалды;
— Таалайбек Өмүралиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министри кызматына дайындалды;
— Руслан Казакбаев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, тышкы иштер министри кызматына дайындалды;
— Асель Чынбаева юстиция министри кызматына дайындалды;
— Улан Ниязбеков мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, ички иштер министри кызматына дайындалды;
— Алмазбек Бейшеналиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, билим берүү жана илим министри кызматына дайындалды;
— Алымкадыр Бейшеналиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына дайындалды;
— Гүлмира Абдралиева транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри кызматына дайындалды;
— Кубанычбек Турдубаев энергетика жана өнөр жай министри кызматына дайындалды;
— Аскарбек Жаныбеков айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри кызматына дайындалды;
— Бообек Ажикеев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындалды;
— Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматына дайындалды;
— Камчыбек Ташиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындалды.